Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 6-сентябры № 312-б
"Penwell Business Limited" чет өлкөлүк компаниясы Кыргыз Республикасына каршы демилге кылган арбитраждык иш боюнча мамлекеттин кызыкчылыгын эл аралык арбитраждык сотто өз убагында толук жана сапаттуу коргоону камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Penwell Business Limited" чет өлкөлүк компаниясы тарабынан дооланган компенсациялардын наркын каржылык эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору белгиленген тартипте аудит кызматын мамлекеттик сатып алууну жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору түзгөн келишимге ылайык "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр)" деген 26-бөлүм, 26630-ведомстволук классификация, 70364-функциялык классификация, "Соттун чечимдерин жана башка соттук жол-жоболорду аткаруу" 2823-беренеси боюнча белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүчүнүн кызмат акысын төлөп берсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |