Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 6-августу, № 273-б
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн алкагында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине 2018-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттардан 25 587 544 (жыйырма беш миллион беш жүз сексен жети миң беш жүз кырк төрт) сомду Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы "Кырчын" капчыгайындагы төмөнкү иш-чараларды каржылоого белүп берсин:
- 3 304 218 (үч миллион үч жүз төрт миң эки жүз он сегиз) сом - суу менен камсыздоону уюштурууга;
- 2 301 744 (эки миллион үч жүз бир миң жети жүз кырк төрт) сом -дааратканаларды орнотууга;
- 10 981 582 (он миллион тогуз жүз сексен бир миң беш жүз сексен эки) сом - ачык театр сахнасын жасоого;
- 9 000 000 (тогуз миллион) сом - "Хан-Ордо" чатырын жасоого.
2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айыл аймагынын айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- бөлүнгөн финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын камсыздоо;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белүнгөн каражаттардын эсебинен кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алуу.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |