Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 17-сентябры, № 323-б
2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу тууралуу макулдашууга ылайык, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Ыкчам жооп кайтаруучу жамааттык күчтөрүнүн биргелешкен командалык-штабдык машыгуусун сапаттуу даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Ыкчам жооп кайтаруучу жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттери менен 2018-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын аймагында "Өз ара аракеттенишүү-2018" биргелешкен командалык-штабдык машыгуусун (мындан ары - биргелешкен машыгуу) өткөрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тартылган аскердик контингенттердин биргелешкен машыгууга катышуусу үчүн керектүү шарттарды түзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында Кыргыз Республикасынын ишке тартылган министрликтерине жана ведомстволоруна акча каражаттарын белгиленген тартипте бөлүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүдөй керектүү чараларды көрсүн:
- биргелешкен машыгуунун катышуучуларына жана кыймылдуу мүлктөргө карата ар түрдүү укукка каршы аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча;
- машыгууга катышуучу аскердик жана башка түзүлүштөрдүн, алардын кыймылдуу мүлкүнүн маршруттар боюнча тоскоолдуксуз жүрүшү үчүн шарттарды түзүү боюнча.
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:
- биргелешкен машыгуунун катыпгуучуларын керектуү мончо-киржуугуч жабдууларын беруу жана коммуналдык-тиричиликтик жактан акысыз тейлөө менен жайгаштырышсын;
- биргелешкен машыгуунун катышуучуларына оорук жана талаа мүлктөр акысыз беришсин;
- медициналык камсыздоону уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, зарыл учурда дарылоо-профилактикалык жана санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү маселери боюнча биргелешкен машыгуунун катышуучуларына көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле алар Кыргыз Республикасынын аймагында жүрушкөңдө кечиктирилгис көрсөткүчтөр боюнча, аларга шашылыш медициналык жардам, анын ичинде квалификациялуу, адистештирилген медициналык жардамды жогоруда аталган Макулдашуунун шарттарына ылайык акысыз түрдө жүзөгө ашырышсын.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу жогоруда аталган Макулдашуунун алкагында биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын өздүк курамын, курал-жарактарды жана аскердик техникаларды өткөрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын ЕАЭБдин тышкы бажы чек арасы аркылуу киргизилүүчү (чыгарылуучу) кыймылдуу мулкүнө бажы операцияларын жана бажы контролун жогоруда аталган Макулдашуунун алкагында жүзөгө ашырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" жана "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканалары жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын аскердик эшелондорунун темир жол транспорту менен Балыкчы шаарынын "Рыбачье" станциясына чейин жана кайра артка тоскоолдуксуз жүрүүсүн, ошондой эле жогоруда аталган Макулдашуунун алкагында биргелешкен машыгууну өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде анда аскердик эшелондордун кыймылдуу курамын жайгаштырууну;
- "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын аба кемелеринин учууларын, конууларын,
токтоолорун, күзөтүлушүн, аэронавигация жана аэродромдук-техникалык камсыздалышын акысыз жүргүзүүнү;
- "Кант", "Ысык-Көл", "Чолпон-Ата" жана "Манас" негизги жана запастык аэродромдорун бөлүп берүүну.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |