КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 26-сентябры № 362-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, 2008-жылдын 31-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүу банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2007-жылдын 31-майында кол коюлган "Кол өнөрчүлүк секторду өнүктүрүү жолу менен айылдык аялдардын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн жардам" долбоору (ЯЖАФтын № 9104 долбоору) боюнча Япониянын жакырчылыкты азайтуу фондунун (ЯЖАФ) гранты жөнүндө макулдашуу-каттын 5-пунктуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, "Дайры" координациялык маркетинг борбору" коомдук фондуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы "Дайры" координациялык маркетинг борбору" коомдук фондуна Бишкек шаары, Чүй проспекти, 114 дарегинде жайгашкан имараттан аянты 165 кв. м болгон биринчи кабаттагы бөлмөнү жана аянты 33,1 кв. м болгон № 309 кабинетти коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана пайдалануу чыгымдарын төлөө менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө акысыз шартта убактылуу пайдаланууга өткөрүп берсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |