Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 19-сентябры № 346-б
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы жана сиңирген эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнүнө карата, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Абдыразаков Нурлан Орозобекович - «Голден Дринкс» жабык акционердик коомунун директору;
Багышбеков Орозалы Турсунбекович - «Нума Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
Кенжебаев Болот Мамбетович - «Асылташ плюс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
Акматов Марлисбек Жумабекович - «Алмазный берег» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |