Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 26-сентябры, № 359-б
1. Төмөнкү расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:
- Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Сингапур Республикасынын ортосундагы Эркин соода жүргүзүү зонасы жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Сингапур Республикасынын ортосундагы Бардыгын камтыган экономикалык кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуунун долбоору.
2. Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин тескөөчү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган макулдашуулардын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Буйруктун көчүрмөсүн КР ЮМ архивинде караңыз