Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 10-сентябры № 333-б
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 29-апрелиндеги № 71 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, 1 жана 3-БАРЭК коридорлору) шарттарын аткаруу максатында:
1. Бириктирүүчү жолдун долбоору, 1 жана 3-БАРЭК коридорлору (мындан ары - Долбоор) боюнча расмий тилде тиркелген жерди алып коюу жана көчүрүү планы (мындан ары - План) көнүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Планга ылайык, мүлкү жана/же киреше булактары Долбоордун таасирине кабылган жактарга 13 448 376 (он үч миллион төрт жүз кырк сегиз миң үч жүз жетимиш алты) сом өлчөмүндө акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын:
1) жогоруда аталган Макулдашууда каралган гранттык каражаттардын алкагында - 11 719 440 (он бир миллион жети жүз он тогуз миң төрт жүз кырк) сом:
«Көчурүүгө чыгымдар» категориясынан 100 000 АКШ долларына барабар болгон 6 858 500 (алты миллион сегиз жүз элүү сегиз миң беш жүз) сом;
«Бөлүштүрүлбөгөн каражаттар» категориясынан 70 874 АКШ долларына барабар болгон 4 860 940 (төрт миллион сегиз жүз алтымыш миң тогуз жүз кырк) сом;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин тийиштүү жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттарынын алкагында - 1 728 936 (бир миллион жети жүз жыйырма сегиз миң тогуз жүз отуз алты) сом.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Кочүрмөсүн ЮМ архивинде караңыз