Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 4-октябры № 580
Ак ниет эмгеги үчүн жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 65 жылдыгынын урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөр баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйланышсын:
Орозбаев Кылыч
| И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Өндүрүштүк менеджмент" кафедрасынын профессору; |
Саманчин Бекташ Тазабекович
| И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси.
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |