КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 19-сентябры № 552
Активдүү ишкердик иши жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Родина Анастасия Сергеевнага
| Борбордук Азия боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын улук кенешчиси; |
Маматова Чнара Назаралиевнага
| Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) миссиясынын долбоорлорду башкаруу боюнча адиси; |
Жорокулов Калык Ысаковичке
| Кыргыз Республикасынын Таш иштетүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы;
|
Джон Джамбул Алиевичке | «Кант-сүт» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
|
Тан Цзяньхуга | «Тан дем» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
|
Осмонов Нурбек Жапаровичке | «Каганат инвест» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси;
|
Мирзаев Сухбатилло Нематовичке | «Имзо Лтд» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси;
|
Жолдубаев Суймонкул Акбаралиевичке | «Кул брос» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |