Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 17-сентябры № 325-б
Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолгон каражаттарды натыйжалуу колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып:
- 2018-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсептеринде топтолгон каражаттарды 4 861 000 (төрт миллион сегиз жүз алтымыш бир миң) сом суммасына көбөйтсүн.
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоо учурунда ушул каражаттарды караштырсын.
2. Ушул буйруктук аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |