Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 3-октябры, № 344-б
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларында, мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрундө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетектөөчү кызмат орундарын ээлеген адамдардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына 2018-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказдын алкагында үнөмдөлгөн 1 290 000 (бир миллион эки жүз токсон миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларында, мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетектөөчү кызмат орундарын ээлеген адамдарды окутууну уюштуруу үчүн жумшоо сунушталсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрдык иштер жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |