Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 19-сентябры № 328-б
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындага № 700 токтому менен бекитилген Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобонун 2-пунктуна. ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуучулук талаптардан четтөөнүн суммасынан алынган кирешенин эсебинен 1 572 426 (бир миллион беш жүз жетимиш эки миң төрт жүз жыйырма алты) сом суммасындагы акча каражатын мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган киреше түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке бөлүп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга боджолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртуүлөрдү белгиленген тартипте караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктунда аталган финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |