Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-августу, № 304-б
"Ысык-Көл - Антитеррор-2018" биргелешкен антитеррористтик окуп-машыгууну уюштуруу жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2018-жылдын 4-27-сентябрында Кыргыз Республикасынын аймагында "Ысык-Көл - Антитеррор-2018" биргелешкен антитеррористтик окуп-машыгууну (мындан ары - Окуп-машыгуу) өткөрсүн.
2. Окуп-машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн "Эдельвейс" окуу борборун аймагында Окуп-машыгуунун катышуучуларын жана аскер техникасын жайгаштыруу менен Окуп-машыгууну өткөрүүгө даярдасын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:
- Окуп-машыгууга катышуучуларды жайгаштырууну, зарыл болгон оорук. талаа мүлкүн, мончо-кир жуучу жабдууларды берүүнү жана коммуналдык-тиричилик жактан тейлөөнү камсыздасын;
- медициналык жактан камсыздоону уюштурууда жана ишке ашырууда, анын ичинде кечиктирилгис медициналык жардам берүүдө. дарылоо-алдын алуу жана санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүүдө Окуп-машыгууга катышуучуларга көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Окуп-машыгууга тартылган аскер техникасы менен эшалондорду ташуу кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө үчүн зарыл болгон 6 000 000 (алты миллион) сом өлчөмүндөгү кошумча акча каражатын Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Окуп-машыгууга катышуучудардын өздүк курамын, курал-жарагын, аскер техникасын жана башка мүлкүн өздүк курамдын энчилүү тизмесине, кыймылдуу мүлкүнүн тизмесине. атайын каражаттардын жана камсыздоо материалдарынын тизмесине, кыймылдуу мүлктүн тизмесине жана ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерге ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу уюшкандыкта өткөрүүнү камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте:
- Окуп-машыгууга катышуучулардын темир жол менен жүрүүчү аскер эшелондорунун Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын темир жол станцияларында курал-жаракты жана аскер техникасын түшүрүүгө жана жүктөөгө көмөк көрсөтсүн.
8. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Окуп-машыгууга катышуучу учкучу жок учуучу аппараттарын жана аларды коштоочу башкаруу пункттарын "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда акы албастан жайгаштыруу сунушталсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Окуп-машыгууга катышуучудардын ташылып келүүчү курал-жарагын, аскер техникасын, ок-дарыларын жана башка материалдык каражаттарын атайын бажы жол-жобосунда жайгаштырсын.
10. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - ИИМ) теменкү зарыл болгон чараларды көрсүн:
- Окуп-машыгууга катышуучуларга карата кандай болбосун мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча;
- Окуп-машыгууга катышуучулардын делегацияларын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын патрулдук автомашиналары менен коштоо жана алардын тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча.
11. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |