Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 24-июлу, №- 263-б
Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын аймактарында биринчи кезектеги кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн объектилерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 49 555 200 (кырк тогуз миллион беш жүз элүү беш мин эки жүз ) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын аймагындагы
кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштеринин
тизмеси
№ | Объектилердин аталышы | Болжолдуу наркы (миң сом) | Курулма-нын түрү, индикатору | Эскертүү |
| Ош облусу |
|
|
|
| Өзген району |
|
|
|
1 | Баш-Дөбө айыл аймагынын Баш-Дөбө айылындагы Кара-Дарыя дарыясындагы Ош-Бишкек автожол көпүрөсүнүн ылдый жагында жайгашкан коргоочу тосмо | 20 100,0 | Коргоочу тосмо L= 200 пм. | Калыбына келтирүү талап кылынат |
| Баткен облусу |
|
|
|
| Баткен району |
|
|
|
2 | Төрт-Гүл айыл аймагынын Зарташ-2 участогундагы Сох дарыясындагы коргоочу тосмо | 11515,2 | Коргоочу тосмо L= 203 пм. | Калыбына келтирүү талап кылынат |
| Жалал-Абад облусу |
|
|
|
| Сузак району |
|
| |
3 | Таш-Булак айыл аймагынын Арал участогундагы Көк-Арт дарыясындагы №10 коргоочу тосмо | 16751,1 | Коргоочу тосмо L= 250 пм. - | Калыбына келтирүү талап кылынат |
| Чүй облусу |
|
| i |
| Ысык-Ата району |
|
|
|
4 | Ысык-Ата айыл аймагынын Үч-Эмчек жана Таш-Башат айылдарындагы Нооруз дарыясынын сол жээгин коргоо | 1 188,9 | Сугат системасын калыбына келтирүү L= 150 пм. | ТМБ талап кылынат |
| Жалпы | 49 555,2 |
|
|