Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 20-сентябры № 348-б
Эстония Республикасы менен Латвия Республикасынын административдик-аймактык реформаларды жүргүзүү, өлкөнү санариптештирүу, мамлекеттик башкарууну борбордон ажыратуу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасын изилдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2019-жылдын 22-30-сентябрында Эстония Республикасына жана Латвия Республикасына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар "Жарандардын үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс" долбоорунун эсебинен төлөнсүн
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Эстония Республикасы менен Латвия Республикасынын административдик-аймактык реформаларды жүргүзүү, өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик башкарууну борбордон ажыратуу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасын изилдөөчү Кыргыз Республикасынын делегациясынын
Курамы
Боронов Кубатбек Айылчиевич
| Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;
|
Керезбеков Канат Керезбекович
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жапаров Акылбек Усенбекович
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Тиллаев Таабалды Гапырович
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Бакиров Жетиген Жокинович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
|
Алыбаев Автандил Шейшенбекович
| Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
|
Азимов Алмазбек Курбаналиевич
| Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
|
Шатемиров Кубаныч Таалайбекович
| Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Байдылдаев Мурат Курманбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
|
Чанчаров Бактыбек Асаналиевич
| Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
|
Буржуев Азамат Чолпонбекович
| Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
|
Омурзакова Айгерим Бакытовна
| Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинин атташеси;
|
Бекиев Бекболот Жапарович
| "Жарандардын үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс" долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).
|