Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 22/2
Депутаттардын Чолпон айылдык кенешинин № 4150 “Чолпон” шайлоо аймагынан депутат Ишенов Чынгыз Ишеновичтин арызын кароо жөнүндө
Депутаттардын Чолпон айылдык кеңешинин № 4150 “Чолпон” шайлоо аймагынан депутат Ишенов Чынгыз Ишеновичтин арызын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Чолпон айылдык кеңешинин №4150 “Чолпон” шайлоо аймагынан депутат Ишенов Чынгыз Ишеновичтин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы № 706 Токтомунун негизинде өткөрүлгөн Чолпон айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын 2019-жылдын 21-февралындагы отурумунун №7 протоколунун чечимине ылайык Ишенов Чынгыз Ишенович “Мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адис” кызматына кабыл алынгандыгына байланыштуу , депутаттык шайлоо мандаты жокко чыгарылсын.
2. Депутаттардын Чолпон айылдык кеңешинин №4150 Чолпон шайлоо аймагынан депутаттыкка талапкер, кийинки катарда турган атуулдун кандидатын Чолпон айылдык кеңешинин депутаттыгына каттап, депутаттык мандатын берүү Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Д. Абдраимов |