Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 22/6
Балык чарбасын өнүктүрүү максатында жасалма жол менен уруктандыруу
үчүн инкубациалык цех курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелорация министрлиги жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти тарабынан келген каттын негизинде Чолпон айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрбеков Урматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Балык чарбасын өнүктүрүү максатында балыктарын жасалма жол менен уруктандыруу үчүн инкубациалык цех куруп, балык(малек) өстүрүү үчүн жайыт жеринен Эпкин айылынын Тегирмен участкасынан 0,50 гажерге ЖПБ менен келишим түзүлүп, жеңил курулуш куруп убактылуу пайдаланууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн жер аянтынын тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп мыйзамдаштырып берүү жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн ЖПБ төрагасы У.Өмүрбековго милдеттендирилсин.
Төрага: Д. Абдраимов