Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 22/7
Чолпон айылынын тургундарынын “Сөң-Көл” жайлоосу тууралуу арыз
менен кайрылган кайрылуу каты жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрбеков Урматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-майга чейин Сөң-Көл жайлоосундагы “Баатай арал” участкасына барып турист тосуп алектенген жарандар туристик фирмалар менен келишим түзүп келүүгө милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн каттоосунда жок турист тосуп алектенген жарандарга ар бир тигилген чатыр жана боз үйлөр үчүн сезон учурунда 4000 (төрт) миң сомдон жайыт акысы белгиленсин. Айыл өкмөтүнүн каттоосунда бар жергиликтүү тургундар үчүн турист тосуп алектенген жарандарга ар бир тигилген чатыр жана боз үйлөр үчүн сезон учурунда 50% пайыз жайыт акысына жеңилдик берилсин.
3.Турист тоскон жарандар мал багууга тыюу салынсын, эгерде мал алып кирип багышса, мыйзам чегинде жаза колдонулсун.
Төрага: Д. Абдраимов