Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 22/8
Балдар аянтчасын курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Эпкин айылынын жашоочуларынын демилгеси менен айылды өнүктүрүү максатында балдар ойноо үчүн аянтча курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө суранышкан өтүнүч катын № 4154” Эпкин”шайлоо аймагынан депутат Мендиев Мурсакожонун билдирүсүн угуп жана талкуулап , Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эпкин айылынын жашоочуларынын көтөрүп жаткан демилгеси айылды өнүктүрүү жана жаш муундарга шарт түзүү максаты экендигин эске алуу менен колдоого алынсын.
2. Эпкин айылынын Майназар көчөсүнөн балдар ойноо үчүн аянтча курууга 14(он төрт) сотых жер аянтын бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянтына буйрук чыгарып, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп мыйзамдаштырып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго тапшырылсын.
Төрага: Д. Абдраимов