Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-апрель № 23/3
Жайытты кыйыр пайдалануу үчүн майда карерьлерден кум, топурак казып алуу акысын белгилөө жөнүндө
Майда карерьлерден кум, топурак казып алып, жүктөө кызматын көрсөтүү үчүн эксковатордун ээси Исаев Бектин арызын угуп жана талкуулап Чолпон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курулуш материалдарга жайыттардын кыртышына зыян келтирбестен арыктын нуктарынан алынуучу кум, топурактарды казып жүктөө кызматын көрсөтүү үчүн эксковатордун ээсине сезон учурунда 6 000 (алты миң) сом жайыт акы бекитилсин.
2. Иштетүү жана көзөмөлдөө жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Өмүрбековго милдеттендирилсин.
Төрага: Д. Абдраимов