Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-апрели № 23/4
Эпкин айылына балык чарбасын уюштуруу үчүн жер аянтын
бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кубтан” Форель жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан келген кайрылуу каттын негизинде Чолпон айылдык кеңешинин депутаты Жеңишбеков Чолпонбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чолпон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, Ишеним, Жаратмандык” жана 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ №2 “Региондорду өнүктүрүү” программаларына ылайык балык чарбасын өнүктүрүү максатында Чолпон айыл өкмөтүнүн Эпкин айылынан Тегирмен участкасынан 5,0 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн жер аянтынын тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп мыйзамдаштырып берүү жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн ЖПБ төрагасы У.Өмүрбековго жана айылдык кеңешинин депутаты Ч. Жеңишбековго милдеттендирилсин.
Төрага: Д. Абдраимов