Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-июлу № 25/3
Чолпон айылындагы үч тике суу кудуктарынын (скважина) абалы жөнүндө
Чолпон айыл аймагында турган үч тике суу кудуктары (скважина) 2018-жылы капиталдык оңдоодон өткөндүгүнө байланыштуу жана Чолпон айыл өкмөтү 65% дотацияда болгондугу тууралуу айыл өкмөт башчысы Карбозов Алайбектин маалыматын угуп жана талкуулап Чолпон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айылындагы капиталдык оңдоодон өткөн үч тике суу кудуктары (скважина) толугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин карамагына алуусун сунуштайбыз.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигине жөнөтүлүүчү тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп, өткөрүү жагы, Жер, турак-жай коммуналдык маселелери жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А. Исаковго тапшырылсын.
Төрага: Д. Абдраимов