Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-июлу № 25/4
Чолпон айыл өкмөтү менен “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун эки тараптуу келишимин кайрадан карап чыгуу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтү менен “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун эки тараптуу келишимин кайрадан карап чыгуу жөнүндө Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Карбозов Алайбектин билдирүүсун угуп жана талкуулап Чолпон айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдунөкүлдөрү келишим түзүү боюнча сессияга катышууга макулдугун берип бирок келбегендигине байланыштуу, Чолпон айыл өкмөтүнун каттоосунда турган “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун пайдалануусунда болгон 17 (он жети) инвентардын иштетүүсун токтотуу боюнча комиссия түзүү жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
2. Кеңештин жогорудагы чечимин маалымдоо максатында “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчилигине кат дайындалып жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өкмөт башчы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага: Д. Абдраимов