Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-августу № 26/2
Чолпон айыл өкмөтү менен “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун эки
тараптуу келишимин эки жылга түзүү жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтү менен “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун эки тараптуу келишимин кайрадан карап чыгуу,толук кандуу иштешин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовдун билдирүүсун угуп жана талкуулап Чолпон айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чолпон айыл өкмөтүнун менен“Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун пайдалануусунда болгон “Чоң-Туз” шахтасынын жана “Чоң-Туз” санаториясынын ордунда турган 22 га жерин 2-жылга, бир жылына 800 (сегиз жүз) миң сом акча каражатын төлөп берүү боюнча эки тараптуу келишим 3 нускада түзүлсүн.
2. Келишим 3 нускада түзүлүп, 2019-жыл үчүн 500 (беш жүз) миң сом акча каражаты 2019-жылдын 25-сентябрь айында, 200 (эки жүз) миң сому 2019-жылдын 25-октябрь айында жана 100 (бир жүз) миң сому 2019-жылдын 25-ноябрында толук төлөө жагы келишимде толук, так көрсөтүлсүн.
- 2020-жылга 500 (беш жүз) миң сомун 2020-жылдын 25-июлунда, 300 (үч жүз) миң сомун 2020-жылдын 25-октябрында төлөө жагы толук, так көрсөтүлсүн.
- Эгерде мөөнөтүнөн кечиксе 00,5% туум кошулаары “Чоң-Туз” ЖЧК эскертилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Токтомушов |