Редакцияот 08.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 8-октябры, № 379-б

Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун туулгандыгынын 130 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте 2019-жылга республикалык бюджетте каралган максаттуу трансферттерди төмөнкүлөргө бөлүп берсин:

1) Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын мэриясына - 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө, анын ичинен:

- А.Жалилов көчөсүн асфальттоого - 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;

- А.Орозбеков көчөсүнүн тротуарларын асфальттоого - 500 000 (беш жүз миң) сом;

- А.Орозбеков музейинин жанаша аймагына брусчатка төшөөгө жана оңдоого - 2 000 000 (эки миллион) сом;

- Кадамжай шаарынын борбордук стадионун оңдоого - 500 000 (беш жүз миң) сом;

2) Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнө - 9 500 000 (тогуз миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө, анын ичинен:

- Күлдү айылындагы "Кош-Дөбө" спорт комплексин капиталдык оңдоого - 3 700 000 (үч миллион жети жүз миң) сом;

- Күлдү айылындагы ат майданын капиталдык оңдоого - 1 600 000 (бир миллион алты жүз миң ) сом;

- А.Орозбеков көчөсүнүн тротуарларын асфальттоого - 2 000 000 (эки миллион)сом;

- А.Орозбеков көчөсүнө жарык орнотууга - 1 000 000 (бир миллион) сом;

- юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө - 1 200 000 ( бир миллиөн эки жүз миң сом)

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев