Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 18-октябры, № 392-б
Башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак-аш менен өз убагында камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине окуучулардын контингенти көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарындагы окуучулардын тамактануусуна кошумча 88 675 400 (сексен сегиз миллион алты жүз жетимиш беш мин, төрт жүз) сомду белгиленген тартипте бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган, бөлүп берилген каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты белүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |