Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 23-июлу № 390
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31 -январындагы № 33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобого ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына төмөнкүлөргө финансылык колдоо максатында 150 000 (жүз элүү миң) сом бөлүнсүн:
- «Түштүк коогалаңынын шейиттеринин өчпөс От» коомдук бирикмесине - 30 000 (отуз миң) сом;
- «Шейиттер биримдиги» коомдук бирикмесине - 30 000 (отуз миң) сом;
- «Бирдиктүү эл» коомдук бирикмесине - 30 000 (отуз миң) сом;
- «Ош окуясынын дайынсыздары» коомдук бирикмесине - 30 000 (отуз миң) сом;
- «Ош окуясында дайынсыз балдардын Энелери» - 30 000 (отуз миң) сом.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |