Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 23-октябры, № 623
Ак ниет эмгеги жана автомобиль транспорту менен жол чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Толубаев Мурат Денишевич | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын «Автотранспорттук ишканасы» мамлекеттик мекемесинин айдоочусу; |
Момунжанов Рысбек Калкенович | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын «Автотранспорттук ишканасы» мамлекеттик мекемесинин айдоочусу.
|
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Уларов Заирбек Жумабаевичке | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин «Ош-Сарыташ-Иркештам» автомобиль жолдору башкармалыгынын асфальт төшөөчү жабдуунун машинисти;
|
Турдубаев Раимберди Гапаровичке | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин «Ош-Баткен-Исфана» автомобиль жолдору башкармалыгынын № 13 жол-тейлөө мекемесинин автогрейдер машинисти; |
Абдуллаев Шухрат Абдукашимовичке
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин«Бишкек-Ош» автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясынын № 22 жол-тейлөө мекемесинин асфальт төшөөчү жабдуунун оператору; |
Горбунов Анатолий Анатольевичке
| «Технотоп» жоопкерчилиги чектелген коомунун финансылык директору, подрядчы; |
Ишебаев Жолдош Турдубековичке | «Бетамонт» компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү.
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |