Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-августу № 41/2
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 31-июль
күнүндөгү № 8/8 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мантыш айылындагы негизги чоң жолго суу өтүүчү трубаларды орнотуу жөнүндөгү 2013-жылдын 31-июлундагы №8/8 токтомун жокко чыгаруу боюнча токтомун жокко чыгаруу боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.С.Табылдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мантыш айылында жайгашкан базардын ичинде пайдаланылбай калган көтөрткүчтүн түркүктөрүн Мантыш айылындагы негизги чоң жолго көпүрө катары пайдалануу жөнүндө чыгарылган Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 31-июлундагы № 8/8 токтому жокко чыгарылсын.
2. Мантыш айылында жайгашкан базардын ичинде пайдаланылбай калган көтөрткүчтүн түркүктөрү Кара-Суу айыл аймагынын кире беришине арка орнотуу үчүн пайдаланылсын.
3 Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы С.М.Табылдиевге тапшырылсын.
Төрага | К.Жумабеков |