Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги ХХХХI сессиясы
2019-жылдын 23-августу № 41/3
Кара-Суу айыл аймагына жогорку чыңалуудагы көмөкчү чордон курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына 110-10 кв жогорку чыңалуудагы көмөкчү чордон курууга жер бөлүп берүү боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Садыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында “Алмазбек” участогундагы 17-17 контурунан Нарын Жогорку электр тармактар ишканасына 110-10кв жогорку чыңалуудагы көмөкчү чордон куруу үчүн 0,30га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтын тактап бөлуп берүү жагы айыл өкмөтүнүң жер адиси М.Садыковго милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы С.М.Табылдиевге тапшырылсын.
Төрага | К.Жумабеков |