Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-октябры № 43/1
Кара-Суу айыл аймагындагы Кызыл-Дөбө мектебине үч сааттык бала бакча ачуу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.С. Табылдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылга иш аракеттер планынын 63,6 бөлүмүндө берилген тапшырмалардын негизинде 3 сааттык бала бакчаларды ачуу мүмкүнчүлүгү чечилгендигине байланыштуу, Нарын облусттук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 11.09.2019-жылындагы №04-07/1744 катына ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылга иш аракеттер планынын 63,6 бөлүмүндө берилген тапшырмалардын негизинде Кызыл-Дөбө орто мектебине 3 сааттык бала бакча ачылсын.
2.Кызыл-Дөбө орто мектебине 3 сааттык бала бакча ачуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы С.Табылдиевге тапшырылсын.
Төрага | К.Жумабеков |