Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын,14 октябры № 1
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Республикалык бөлүнгөн каражаттарды мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык жарыяланган конкурстардан үнөмдөлгөн калдык каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Миңбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу маданият үйүн оңдоо иштерине бөлүнгөн 1233,5 миң сом акча каражатынан 333,6 миң сом, Жеңижок акындын музейин оңдоо иштерине бөлүнгөн 965,2 сом акча каражатынан 190,2 сом, билим берүү мекемелерине көмүр үчүн бөлүнгөн акча каражатынан 52,6 сом жалпы 576,4 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин.
- Билим берүү мекемелеринин электр энергиясынын чыгымдарына 200,0 миң сом
- Аппарат кызматкерлеринин сапар чыгымдарына 20,0 миң сом
- Айыл өкмөттүн кызматкерлеринин концелярдык товарларга 10,0 миң сом
- Компьютерлердин ремонту, заправкасы, сыйлоо баракчаларына 10,0 мин сом
- Жаңы курулуп жаткан борбордук мечиттин ичин толтурууга 60,0 миң сом
- Борбордук спорт залга келген спорт. инвентарлардын жол киресине 12,0 миң с.
- Жеңижок акындын музейинин сметага кирбей калган кош.иштерине 38,7 миң с.
- Айыл өкмөттүн кызматкерлерине компьютерлерди сатып алууга 55,7 миң сом
- Жүзүмжан, Ак-Таш жолунун ремонт иштерине 100,0 миң сом
- Б.Миңбаев орто мектебинин спорт залына ПСД жасатууга 70,0 миң сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комиссиясынын төрагасы А.Чалыбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.Жаркынбаев |