Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын,14 октябры № 7
Теңдөөчү гранттан бөлүнүүчү каражат маселесин кароо жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын жана бөлүм башчы Т.Тилекбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Теңдөөчү гранттан бөлүнүүчү 2-бөлүгүн да Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине бөлдүрүү үчүн тиешелүү жетекчилерге кайрылуу жолдоп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н. Жаркынбаев |