Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1- октябры № 51
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVI шайланышынын) ХХХI сессиясынын № 58 токтомунун 4 пунктун жокко
чыгаруу жөнүндө
«Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.“Зирек” күндүзгү калыбына келтирүү борборуна билим берүү министрлиги тарабынан штаттар ачылбагандыктан 2016-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзө албай келгендигинен Каргалык айыл өкмөтүнүн мурдагы эски имараты (мурдагы бала бакча) кароосуз калып, оңдоп-түзөө иштери зарыл болуп жаткандыгы белгиленсин.
2. 2016-жылдын 19-августундагы “Зирек” күндүзгү калыбына келтирүү борборуна берилген Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVI шайланышынын) кезектеги ХХХI сессиясынын № 58 токтомунун 4 пункту жокко чыгарылсын.
3. Мурдагы бала бакчанын имаратын ремонттон өткөрүп, толук кандуу ишке киргизүү үчүн инвестиция тартуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Жунусакунов |