Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1- октябры № 52
Каргалык айыл өкмөтүнүн 19.09.2019- жылдагы №633-каты боюнча
Каргалык айыл өкмөтүнүн 19.09.2019-жылдагы № 633-каты боюнча «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн мурдагы эски имаратына (мурдагы бала бакча) оңдоп-түзөө иштерине 1 млн акча каражатын бөлүп берүү жагы райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Төрага |
Р.Жунусакунов |