Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1- октябры № 54
“МТС” муниципалдык ишканасынын эртеңки келечеги жөнүндө
“МТС” муниципалдык ишканасынын эртеңки келечеги жөнүндө Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХXVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “МТС” муниципалдык ишканасынын келечеги ушул техникаларды элге айдап-себүү, оруп-жыюу өнөктүктөрүндө кызмат кылуу үчүн алып калуу максатында жергиликтүү бюджеттен колдоп туруу жагы белгиленсин.
2. Районубузда быйылкы оруп-жыюу мезгилинде күн ысып, каатчылык болгондугуна байланыштуу “МТС” муниципалдык ишканасы белгиленген графиктин негизинде кредитти төлөй албай калгандыгын эске алып, жергиликтүү бюджеттен 823,0 миң сом “МТС” муниципалдык ишканасына субсидия катарында которулуп берилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Төрага |
Р.Жунусакунов |