Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1- октябры № 56
Каргалык айыл өкмөтүнүн 24.09.2019-жылдагы № 656 катын кароо жөңүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн 24.09.2019-жылдагы № 656- каты боюнча «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Каргалык айыл аймагына мал өлүгүн топтоо жайы уюштурулсун.
2. Каргалык айыл аймагына мал өлүгүн топтоо жайын уюштурууга 23095 сом акча каражаты каралсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Төрага |
Р.Жунусакунов |