КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 18-ноябры, № 428-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын
дипломатиялык кызматындагы үзүрлүү эмгеги үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин төмөнкү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:
Имангазиев Алмаз Кулубекович
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору;
|
Базарбаев Таалай Чолпонбекович
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кадрдык иштер департаментинин директору;
|
Токтосунова Нургуль Нурмаматовна
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин документтик камсыздоо департаментинин директору.
|
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |