Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 20-ноябры, № 659
Ак ниет эмгеги үчүн, дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин сыйлоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгынын урматына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Исмаилов Мирлан Искендерович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; |
Урмат уулу Мират | - Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы.
|
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Данияров Улан Шайлообековичке
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин бешинчи саясий департаментинин директорунун орун басары;
|
Сыдыков Адилет Куттубековичке
| - Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугунун консулу;
|
Калысбеков Азамат Калысбековичке
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментин жетектөөчү эксперт
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |