Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 25-июну, № 216-б
Социалдык-экономикалык объектилерди курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча «Капиталдык салымдар» беренесинин каражаттарын 1000 000 000 (бир миллиард) сом суммасына көбөйтсүн;
- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө аталган каражаттарды эске алсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |