Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 20-июну, № 206-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу аба өткөрүү пункттарында чек аралык контролдоо системасын өркүндөтүү боюнча иштерди каржылоону камсыздоо максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына Кыргыз Республикасынын "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу "Манас аэропорту" жана "Ош аэропорту" аба өткөрүү пункттарына Кыргыз Республикасынын биометрикалык паспорту аркылуу верификация системасын киргизүу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга 12 300 000 (он эки миллион үч жүз миң) сом суммасында акча каражатын бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган акча каражатын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
буйруктун аткарылышын Өкмөтүнүн Аппаратынын
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |