Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 29-июну, № 229-б
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун ишинин финансылык стабилдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен, "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан 100 000 000 (жүз миллион) сом тапсын жана бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү боюнча белгиленген тартипте чараларды көрсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |