Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-августу № 7/3
Ала-Бука райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Максымбеков Саматкул Нуркуловичти Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак граммотасына” көрсөтүү жөнүндө
Ала-Бука райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Максымбеков Саматкул Нуркуловичти Ала-Бука районунун социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымын, көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алуу менен Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Э.Ы. Абдыкадыровдун сунушун карап чыгып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ала-Бука райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Максымбеков Саматкул Нуркуловичти Ала-Бука районунун социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы жана Ала-Бука районунундагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак граммотасына” сунуш кылынсын.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Социалдык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Саттаров |