Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7- октябры № 8/1
Ала-Бука айылында кошумча шайлоо участкасын ачуу жөнүндө
Ала-Бука айылындагы шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын саны 2500 жарандардан ашып кеткендигине байланыштуу Ала-Бука айылынын Жаны-Шаар участкасында жайгашкан Р.Абдысаматова мектебине Жаны-Шаар шайлоо участкасын ачуу жөнүндөгү Г.Атамкулованын сунушун угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылынын Жаны-Шаар участкасында жайгашкан Р.Абдысаматова мектебине бир шайлоо участкасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңы түзүлүүчү шайлоо участкасынын чек араларын тактап, шайлоочулардын толук аты жөнүн аныктап жана УШКнын жаңы курамын түзүү ошондой эле уюштуруу иштери Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбекге тапшырылсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Саттаров |