Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7- октябры № 8/2
Ала-бука айыл аймагындагы Ы. Кулбаев көчөсүндө жайгашкан № 33 , № 34 эки кабаттуу үйлөргө суу жетишпегендигинен кошумча таза сууну Лазван каналынан тартып баруу жөнундө
Ала-бука айыл аймагындагы Ы.Кулбаев көчөсүндө жайгашкан № 33 , № 34 эки кабаттуу үйлөргө суу жетишпегендигинен кошумча таза сууну Лазван каналынан тартып баруу боюнча Водоканал муниципалдык иш канасынын жетекчиси Б.Кулчиновдун 80375 (сексен мин үч жүз жетимиш беш сом) акча каражаты бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун жана билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-бука айыл аймагындагы Ы. Кулбаев көчөсүндө жайгашкан № 33 , № 34 эки кабаттуу үйлөргө суу жетишпегендигинен кошумча таза сууну Лазван каналынан тартып баруу үчүн 80375 (сексен мин үч жүз жетимиш беш сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча төрагасы А. Сулеймановага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Саттаров |