Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-октябры № 8/4
“Некст Строй” жоопкерчилиги чектелген коому жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу жөнүндө
“Некст Строй” жоопкерчилиги чектелген коому менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылдындагы “Жениш” паркын реконструкциялоо жөнүндөгү № 99 12.10.2018-жылы түзүлгөн жана 30.04.2019-жылдын № 991 саны менен кайра узартылган келишимдердеги көрсөтүлгөн жумуштардын өз мөөнөтүндө бүтүрө албагандыгы үчүн келишимди жокко чыгаруу жөнүндөгү А. Саттаровдун сунушун угуп жана талкуулап , Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Некст Строй” жоопкерчилиги чектелген коому менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Ала-Бука айылдындагы “Жениш” паркын реконструкциялоо жөнүндөгү № 99 12.10.2018-жылы түзүлгөн жана 30.04.2019-жылдын № 991 саны менен кайра узартылган келишимдердеги көрсөтүлгөн жумуштарды өз мөөнөтүндө бүтүрө албагандыгы үчүн, “Некст Строй” ЖЧК менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруу жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. “ Жеңиш” паркындагы “Некст Строй” ЖЧКсы тарабынан жасалган жумуштар суммасы комиссия тарабынан эсептелинип айыл өкмөт тарабынан “Некст Строй” ЖЧКсына которулуп берилген акча каражаттары жасалган жумуштардын суммасына карата, төлөмдөрдү кайтаруу жагы тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилсин.
3. “Некст Строй” ЖЧКсынын аракеттерине юридикалык баа берүү жөнүндөгү кайрылуу айылдык кеңеш тарабынан даярдалып, тийешелүү органдарга жөнөтүлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айылдык кеңешинин өндүрүш жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Саттаров |