Загрузка документа…
Ш. НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 15/4(б)
“Кансалык жана Кыр-Кечүү участокторунан Геологиялык чалгындоо иштенрин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна ЛИЦЕНЦИЯ (6228 НР) алган “Петро Икс Бета Лимитед” жоопкерчилиги чектелген коомуна мунай жана газ боюнча чалгындоо иштерин алып баруу жөнүндө”
Жогорудагы 4(б) маселени угуп жан талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кансалык жана Кыр-Кечүү участокторунан Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна ЛИЦЕНЦИЯ (6228 НР) алган “Петро Икс Бета Лимитед” жоопкерчилиги чектелген коомуна мунай жана газ боюнча чалгындоо иштерин алып баруу боюнча келишимди конкреттүү шарттар (рекультивациялоо) менен КР жер казынасын пайдалануу мыйзамына ылайык түзүүнү, тиешелүү докуметтерди даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Аспердиевге милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |