Загрузка документа…
Ш. НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 15/4(д)
“Нарын айлынын тургундары Кайымов Айбек , Ботоев Насирдин, Нарбиева Гулзаттын кайрылуулары жөнүндө”
Жогорудагы 4(д) маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Нарын айлынын тургундары Кайымов Айбек, Ботоев Насирдин, Нарбиева Гулзаттын кайрылуулары боюнча чет мамлекетке барып операция жасатуу үчүн ар бирине 30000 (отуз миң) сомдон 90000(токсон миң) сом акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөткө тапшырылсын .
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев. |