Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-ноябры № 93
Жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунан каралган акча каражатын сарптоо жөнүндө
Торкен айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору Швецария өкмөтү тарабынан Швецария кызматташтык жана Өнүгүү башкармалыгы аркылуу каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарыла турган долбоорунан каралган акча каражатын сарптоо жөнүндө маселени карап жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору Швецария кызматташтык жана Өнүгүү башкармалыгы аркылуу каржыланган Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан каралган долбоордон 23710 сом акча каражаты жумшалсын.
2. 2211 беренесине 6900 сом, 2215 беренесине 4000 сом, 2218 беренесине 11500 сом, 22221200 беренесине 1310 сом акча каражаты бекитилип берилсин.
3. Түшкөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Ооматовага жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков. |