Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-ноябры № 94
Бостектир участкасынын таза суусу үчүн түшкөн акча каражатты которуп берүү жөнүндө
“Жалал- Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара Көл шаарынын Жазы Кечүү айылынын Атайын эсебинен түшкөн акча каражатын беренеге бекитип берүү жөнүндө Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын XXII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торкен айылындагы Бостектир участкасынын таза суусу үчүн атайын фонддон түшкөн 500,0 миӊ сом акча каражаты 22221200 беренесине бекитилип берилсин.
2. Түшкөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Ооматовага жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков |